# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 4/11-28 "Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 4/11-28 "Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4/11-28
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009899>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29590/edition/11930/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009899.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 4/11-28 "Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (12.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009899

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 16-апрели № 4/11-28

Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

(Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 35/V1-28 токтомуна ылайык)

Айылдык кеңешинин сессиясында Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 8-апрелиндеги №615/01-9 катын карап жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ № 10 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т тескемесинин 2-пунктун аткаруу максатында Ак-Кудук айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токой чарбасына караштуу Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан №924 контурдагы, жалпы аянты 52,8 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

-Токой чарбасына караштуу Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан -№922 контурдагы жалпы аянты 13,1га ,анын ичинен 12,7га бакча /огород/, 0,2 га каналдар жана коллекторлор, 0,2га жолдордун жана прогондордун алдындагы жерлер; -№923 контурдагы 7,9 га бакча /огород/жер тилкесин; -№924 контурдагы 30,6 га,анын ичинен 30,0 га бакча / огород/, 0,2 га каналдар жана коллекторлор, 0,4 га жолдордун жана прогондордун алдындагы жерлер,жалпы аянты 51,6 га жер тилкелери “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берүүгө макулдук берилсин. (Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 35/V1-28 токтомуна ылайык)

2."Мамлекеттик ипотекалык компаниясы" акционердик коомуна турак үйлөрдү биринчи кезекте жана жеңилдетилген түрдө Ак-Кудук айыл аймагынын тургундарына (мугалимдер, дарыгерлер, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер) ипотекага берүү жагы сунушталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Ак-Кудук айылдык кенешинин төрагасы

Кенжебек уулу А
