# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 2241-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзаровичти Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 2241-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзаровичти Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2241-VII
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009851>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15549/edition/11885/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009851.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 2241-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзаровичти Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому (20.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009851

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 20-июну № 2241-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзаровичти Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзарович Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункттун 1-пунктчасында:

- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "Ханджеза Карим Лемзарович - № 23 Москва бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, "Мекенчил" депутаттык тобунан;".

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- 1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:

"Ханджеза Карим Лемзарович - № 23 Москва бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, "Мекенчил" депутаттык тобунан;";

- 7-пунктчанын жыйырма төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
