# 2-берене

- Документ: [Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009806)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 3-июлундагы № 112 "Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009806/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5356/edition/11842/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009806/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (03.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009806/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 241-беренеде:

а) аталышы "Бажы төлөмдөрүн" деген сөздөрдөн кийин ", атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды" деген сөздөр менен толукталсын;

6) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерди бербөө, аларды жок кылуу, же төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерге билип туруп бурмаланган маалыматтарды киргизүү жолу менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды төлөөдөн качуу, ошондой эле экономикалык контрабанданын белгилери болбогондо, салык салуунун башка объекттерин кыйла өлчөмдө жашыруу, -";

2) 243-беренеге карата эскертүүдө "241-243" деген цифралар "242, 243" деген цифраларга алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009806/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009806/st-3)
