# 1-берене

- Документ: [Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009806)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 3-июлундагы № 112 "Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009806/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5356/edition/11842/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009806/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (03.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009806/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 158-берене "жаза-аткаруу тутумунун" деген сөздөрдөн кийин ", бажы органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 159-беренеде:

а) 1-бөлүктө "282-291" деген цифралар "282-284, 286-291" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:

"41. Улуттук коопсуздук органдарынын жана бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси); салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси); баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.";

в) 6-бөлүктө "222, 226-228, 230-231" жана "241, 243, 244" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "222, 226-228, 230" жана "243, 244" деген цифраларга алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009806/st-2)
