# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 316 "Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 316 "Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 316
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009791>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29517/edition/11826/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009791.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 316 "Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө" токтому (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009791

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 13-июну № 316

Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартиби жана шарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. "Элдик Банк" ачык акционердик коому Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартибине жана шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун (СССР) жарандарынын акчалай аманаттарын калыбына келтирүүнү жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин агенти болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Элдик Банк" ачык акционердик коомунун атайын эсептерди ачууга жана аларга калыбына келтирүү суммаларын кошуп эсептөөгө байланышкан чыгымдарынын ордун толтурууга чыгымдарды тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте карасын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-декабрындагы № 698 "Калктын салымдары боюнча индексацияланган суммаларды төлөөнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 10-апрелиндеги № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-апрелиндеги № 326 "Калктын салымдары боюнча индексацияланган суммаларды төлөөнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-декабрындагы № 698 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
