# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 312 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ш.К.Ташиев жана А.А.Козуев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 312 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ш.К.Ташиев жана А.А.Козуев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 312
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009776>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19240/edition/11812/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009776.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 312 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ш.К.Ташиев жана А.А.Козуев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009776

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 13-июну № 312

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ш.К.Ташиев жана А.А.Козуев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 13-июнундагы N 312 тескемеси менен жактырылган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ш.К.Ташиев жана А.А.Козуев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ш.К.Ташиев жана А.А.Козуев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карал чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет. Негиздеме-маалымкатка ылайык мыйзам долбоору организмди коргоо жана анын өнүгүшүнүн басаңдашынын жана терс өнөкөткө көнүүнүн алдын алуу үчүн жаш жарандардын ден соолугун жана бакубаттыгын электрондук сигареталарды колдонуудан камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Жалпысынан мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча төмөнкү сунуштарды эске алууну сунуштайбыз. Сунушталган Мыйзам долбоорунун концепциясында никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын, анын ичинде бир жолу пайдаланылуучу атайын суюктук толтурулган резервуары бар, кайра толтурулбай турган электрондук сигареталарды ташып келүүгө, сатууга жана керектөөгө тыюу салуу каралат. Бирок мыйзам долбоорунда көп жолу пайдаланылуучу ушул сыяктуу буюмдарга тыюу салуу каралган эмес.

1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык берененин (пункттун) тексти башка беренелерде (пункттарда) кайталанып баяндалбайт.

Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2 жана 3-пункттарынын кайталануусун кайра карап чыгууну сунуштайбыз. Ошондой эле мыйзам долбоорунун 1-беренесинин төртүнчү абзацында электрондук сигареталарды ташып келүүгө, сатууга жана керектөөгө тыюу салуу каралган. Ошол эле учурда бул ченем республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн пландуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилейбиз.

2. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин 83-1-берене менен толуктоо сунушталат, ага ылайык электрондук сигареталарды колдонууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө талаптарды бузуу үчүн административдик жаза чараларын көрүү сунушталат. Колдонуудагы Кодекске ылайык бул берененин аткарылышын контролдоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга бекитилип берилген. Жогоруда аталган Кодекстин 465-беренесине ылайык саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана 75-84-беренелерде каралган жазаларды колдонот.

Ошону менен бирге Кодекстин колдонуудагы редакциясына ылайык жеке жактарга карата 83-беренени бузуу үчүн чараларды көрүү ички иштер органдарынын ыйгарым укуктарына кирерин эске алып, Кодекстин 456-беренесине киргизилип жаткан 83-1-берене боюнча чараларды көрүү укугун ички иштер органдарына берүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептейбиз. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин минималдуу жана максималдуу айып пулдарды караган 31-беренесин көңүлгө алып, Мыйзам долбоорунун 2-беренесин жогоруда белгиленген ченемге ылайык келтирүү зарылдыгы жөнүндө белгилейбиз.

3. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин 231-1-берене (электрондук сигареталарды мыйзамсыз ташып келүү) менен толуктоо сунушталат.

Бирок кылмыштын сыпаттамасында кылмыш жоопкерчилиги каралган чектүү сумма (зыян) көрсөтүлбөйт, бул бардык күнөөлүү адамдар алынып келинген электрондук сигареталардын суммасына (анча чоң эмес, олуттуу, ири, өзгөчө ири) карабастан кылмыш жоопкерчилигин тартат дегенди билдирет. Ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн же үчүнчү өлкөлөрдөн гана электрондук сигареталарды ташып келүү кайсы учурларда мыйзамсыз болуп саналарын аныктоо зарыл. Мындан тышкары карама-каршылыктарды жана дал келбестиктерди жоюу максатында электрондук сигареталарды мыйзамсыз ташып келүү жөнүндө берененин жоболорун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (экономикалык контрабанда) талаптарына ылайык келтирүү зарыл деп эсептейбиз, анткени экономикалык контрабандага товарларды жана башка буюмдарды мыйзамсыз ташып келүү да кирет. Ошол эле учурда мыйзам долбоору менен электрондук сигареталарды мыйзамсыз ташып келүү менен байланышкан кылмыштарды иликтөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ тергөө органын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептейбиз.

4. Мыйзам долбоорун тариздөөнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V менен бекитилген "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык келтирүү зарыл.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде номерлөөнү кайра карап чыгуу зарыл. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинде бул жоболор өз алдынча мүнөзгө ээ болгондугуна байланыштуу бөлүктөрдү номерлөөнү белгилөөнү сунуштайбыз. Мыйзам долбоору стилистикалык жактан толуктап иштеп чыгууну талап кылат.

5. Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкатта Мыйзам долбоорун жайгаштыруу датасын көрсөтүү зарыл, анткени "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин талаптарына ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү, ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кошпогондо, бир айдан кем эмес болот. Коомдук талкуулоонун мөөнөтүн эсептөө ченемдик укуктук актынын долбоору жарыялангандан кийинки күндөн тартып башталат.

6. Ошондой эле салыштырма таблицаны мыйзам долбооруна шайкеш келтирүү зарыл.

Ошону менен бирге сунушталып жаткан өзгөртүүлөр "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы ченемдерине каршы келерине көңүл бурабыз, анткени аталган Мыйзам тамеки буюмдарынын бардык түрлөрүн, анын ичинде электрондук сигареталарды керектөөнү кыскартууга багытталган негизги чараларды жөнгө салуучу ченемдерди камтыйт. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүсү каралган. Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.
