# 7-берене. Жалпыга жеткиликтүү маалымат жана ачык маалыматтар

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 7-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-7

---

1. Эгерде маалымат алуу мүмкүндүгү ушул Мыйзамга ылайык чектелбесе, маалымат жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

2. Интеллектуалдык менчиктин объекттерине болгон өзгөчө укуктарды, ошондой эле маалыматты таратууга, берүүгө, пайдаланууга жана башка жол менен иштетүүгө ушул Мыйзамда жана башка мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү сактоо шарты менен жалпыга жеткиликтүү маалыматты адамдар өз каалоосу боюнча пайдалана алат.

3. Жалпыга жеткиликтүү маалыматтын ээси ал башка субъекттер тарабынан таратылганда мындай маалыматтын булагы катары өзүн көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу.

4. Маалымат, анын ичинде Интернет желеси аркылуу таратылуучу маалымат, аны кайрадан пайдалануу максатында адам тарабынан алдын ала өзгөртүүсүз автоматташтырылган иштетүүгө жол берүүчү форматта болсо, ачык маалыматтар болуп саналат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-8)
