# 6-берене. Маалымат алуу укугун камсыз кылуунун жолдору

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 6-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-6

---

1. Маалымат алуу укугун камсыз кылуунун жолдору болуп төмөнкүлөр саналат:

1) суроо-талап боюнча маалыматты берүү;

2) мамлекеттик сектордун субъекттеринин иши жөнүндө маалыматты төмөнкүдөй жолдор менен системалуу жана ыкчам түрдө ачыкка чыгаруу (жарыялоо), таратуу:

а) расмий басылмаларда;

б) жалпыга маалымдоо каражаттарында;

в) Интернет желесиндеги расмий сайттарда;

г) маалымат ээлери ээлеген жайларда жана ушул максаттар үчүн бөлүнүп берилген башка жерлерде;

д) мыйзамдар тыюу салбаган башка ар кандай ыкмалар менен;

3) жалпыга маалымдоо каражаттарында кабыл алынган чечимдер боюнча, анын ичинде жеке жана/же юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөгөн же болбосо жоопкерчиликти белгилеген же күчөткөн ченемдик укуктук актылар жөнүндө мамлекеттик сектордун субъекттеринин маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү;

4) документтерди жана материалдарды түздөн-түз алууну мамлекеттик сектордун субъектинин камсыз кылуусу;

5) мамлекеттик сектордун субъекттеринин коллегиялык органдарынын ачык жыйналыштарына эркин катышуу.

2. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо аларды расмий жарыялоонун тартиби белгиленген мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-7)
