# 5-берене. Маалымат алуу укугун камсыз кылуунун принциптери жана ишке ашыруунун максаттары

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 5-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-5

---

1. Маалымат алуу укугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге негизделет:

1) мыйзамдуулук;

2) маалымат ээлеринин ишинин ачыктыгы жана айкындыгы;

3) жалпыга жеткиликтүүлүк, аныктыгы жана толук болушу;

4) актуалдуулук жана өз убагында аткаруу;

5) маалымат алуу укугунун теңдиги;

6) жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо.

2. Маалымат алуу укугун ишке ашыруунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) сөз жана пикир эркиндигин бекемдөө;

2) маалымат ээлеринин карамагында турган маалыматты ар бир адамдын тез жана бирдей алуусу үчүн шарттарды түзүү;

3) мамлекеттик сектордун субъекттерине карата калктын ишенимин бекемдөө;

4) коррупцияны, кылмыштардын жана укук бузуулардын башка түрлөрүн, ошондой эле ак ниетсиз мамлекеттик башкаруу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга көмөк көрсөтүү;

5) маалымат ээлеринин отчеттуулугун жогорулатуу;

6) мамлекеттик сектордун субъекттери тарабынан коомдук-укуктук милдеттердин аткарылышын коомчулук тарабынан контролдоо.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-6)
