# 47-берене. Даттанууну кароо тартиби

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 47-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-47

---

1. Маалыматты колдонуучунун даттануусу 15 жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө каралууга тийиш. Даттанууну кароо мөөнөтү даттануу жиберилген жогору турган орган же кызмат адамы даттанууну алган күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет жана даттанууда көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары боюнча маалыматты колдонуучуга чечим жиберилген күнү аяктайт.

2. Маалыматты колдонуучу даттануу боюнча чечим чыгарылганга чейин кайсыл учурда болбосун арызды кайтаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү өтүнүч менен кайрылууга укуктуу, мындай учурда даттануу каралбайт.

3. Маалымат ээси ушул Мыйзамдын жоболоруна карама-каршы келбеген даттанууларды кароонун ички тартибин аныктоого укуктуу. Маалыматтын ээси өз жайларында, ошондой эле веб-сайтта анын шарттарын жайгаштырып жана ага жеткиликтүүлүктү камсыз кылат жана ар кандай адамдын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча берет.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-48)
