# 46-берене. Даттанууну берүү тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 46-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-46

---

1. Маалымат ээсинин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) маалыматты колдонуучунун даттануусу даттанылган аракетти (аракетсиздикти) маалымат ээсинин жасагандыгы жөнүндө ага белгилүү болгон учурдан тартып, же болбосо даттанылган чечим тапшырылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жогору турган органга же кызмат адамына жазуу жүзүндө кол менен, почта, факс, курьер же байланыштын электрондук каналдары аркылуу берилет. Даттануу маалыматты колдонуучунун өкүлү тарабынан талаптагыдай таризделген ишеним каттын негизинде берилиши мүмкүн, анын көчүрмөсү даттанууну берүүдө ага тиркелүүгө тийиш.

2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) даттануу жиберилген жогору турган органдын аталышы жана кызмат адамынын фамилиясы, инициалдарды;

2) маалыматты колдонуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты же аталышы, өкүлдүн (эгер болсо) фамилиясы, аты, атасынын аты;

3) берилген даттанууга жооп алуунун артыкчылыктуу формасына жараша маалыматты колдонуучунун жана (же) анын өкүлүнүн байланыш маалыматтары;

4) маалыматты колдонуучунун даттануусуна негиз болгон жагдайлардын сыпаттамасы;

5) даттанууну берген адамдын талаптары;

6) даттанууну берүү датасы;

7) даттанууну берген адамдын колу.

3. Маалыматты колдонуучу жана (же) анын өкүлү ар кандай кошумча маалыматты, анын ичинде даттанууда баяндалган жагдайларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн бериши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-47)
