# 40-берене. Маалымат алууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик сектордун субъекттеринин милдеттери

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 40-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-40

---

1. Мамлекеттик сектордун субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамга ылайык берилүүгө тийиш болгон маалыматты камтыган расмий документтерди, алар кабыл алган актыларды, ошондой эле өздөрү укук улантуучулары болуп саналган мамлекеттик сектордун субъекттеринин актыларын белгиленген мөөнөт ичинде сактоого;

2) берилүүчү маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун, аны берүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоону камсыз кылууга;

3) расмий документтерди элге жарыялоонун мыйзамда белгиленген тартибин сактоого.

2. Эгерде берилген маалыматтар так эмес же толук эмес маалыматтарды камтыса, мамлекеттик сектордун субъекттери маалыматты сураган адамдын жазуу жүзүндөгү жүйөлүү арызы боюнча, мүмкүн болгон кыска мөөнөттө, бирок арызды алган күндөн тартып жети жумуш күндөн кечиктирбестен, берилген маалыматты тактоого же толуктоого милдеттүү.

3. Мамлекеттик сектордун субъекттери өздөрү жалпыга маалымдоого тийиш болгон расмий документтердин реестрин жүргүзөт. Реестр ар бир чыккан документтин аталышын, кабыл алынган датасын, номерин жана аны элге жарыялоо жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Реестрди жүргүзгөн субъекттер ушул реестрге карата башка милдеттүү талаптарды белгилеши мүмкүн.

4. Соттук актылардын мамлекеттик реестрине жергиликтүү соттор жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту үчүн иштин маңызы боюнча белгиленген формада кабыл алынган бардык соттук актылар отуз күндүн ичинде киргизилет. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту үчүн - жарыяланган күндөн тартып киргизилет.

5. Алуу мүмкүндүгү чектелген соттук актыларды кошпогондо, Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актылар адистештирилген сайтта ачык жайгаштырылат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-41)
