# 4-берене. Маалымат алуу укугун камсыз кылуунун кепилдиктери

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 4-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-4

---

1. Мамлекет ар бир адамга маалымат ээсинин карамагында турган маалыматты ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана таратуу укугун кепилдейт.

2. Маалымат алуу укугу төмөнкүлөр менен кепилденет:

1) маалымат ээлеринин маалыматты берүүгө жана жарыялоого милдеттүүлүгү менен;

2) өздөрү ээлик кылган маалыматты алууну белгиленген тартипте уюштуруучу атайын түзүмдүк бөлүмдөрдү же кызмат адамдарын маалымат ээлери деп аныктоо менен;

3) маалыматты суратуу жана алуу жол-жоболорун мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүү менен;

4) мамлекеттик сектордун субъекттеринин коллегиялык органдарынын ачык жыйналыштарына катышуу менен;

5) маалымат алуу укугунун сакталышына парламенттик, коомдук жана мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу менен;

6) маалымат алуу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчиликке тартуу менен;

7) маалымат алуу укугун натыйжалуу ишке ашырууга багытталган башка чаралар менен.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-5)
