4-берене. Маалымат алуу укугун камсыз кылуунун кепилдиктери
Күчүндө · 29.12.2023 редакциясы · 1-глава
1. Мамлекет ар бир адамга маалымат ээсинин карамагында турган маалыматты ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана таратуу укугун кепилдейт.
2. Маалымат алуу укугу төмөнкүлөр менен кепилденет:
1) маалымат ээлеринин маалыматты берүүгө жана жарыялоого милдеттүүлүгү менен;
2) өздөрү ээлик кылган маалыматты алууну белгиленген тартипте уюштуруучу атайын түзүмдүк бөлүмдөрдү же кызмат адамдарын маалымат ээлери деп аныктоо менен;
3) маалыматты суратуу жана алуу жол-жоболорун мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүү менен;
4) мамлекеттик сектордун субъекттеринин коллегиялык органдарынын ачык жыйналыштарына катышуу менен;
5) маалымат алуу укугунун сакталышына парламенттик, коомдук жана мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу менен;
6) маалымат алуу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчиликке тартуу менен;
7) маалымат алуу укугун натыйжалуу ишке ашырууга багытталган башка чаралар менен.
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 53
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү…Закон · 18.03.2017 · № 47
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230009705/st-4" title="4-берене - Маалымат алуу укугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>