# 39-берене. Маалымат системаларында маалымат алууну уюштуруу

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 39-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-39

---

1. Маалымат системаларында маалымат алуу укугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик сектордун субъекттери:

1) мамлекеттик сектордун субъекттеринин маалымат системаларын электрондук башкаруунун архитектурасынын коомдук сегментине туташтырат;

2) мамлекеттик сектордун субъекттеринин маалымат системаларында маалыматтарды Интернет желесиндеги сайттарга ачык маалыматтар форматында жайгаштырууну уюштурат;

3) суроо-талаптарды алуу жана суралган маалыматты берүү үчүн электрондук почта дарегин көрсөтүп берет;

4) расмий веб-сайтта, порталда жайгаштырылган маалыматтын мазмуну, аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин электрондук документтеринде ушул документтер үчүн белгиленген бардык реквизиттер көрсөтүлөт. Маалымат электрондук түрдө берилген учурда анын аныктыгы электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү мыйзамда белгиленген тартипте электрондук кол тамга коюлат.

3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтарынын борбордоштурулган жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн, ачык маалыматтар порталы түзүлөт. Бул порталды түзүүнүн, иштетүүнүн, аны пайдаланууну уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-40)
