# 35-берене. Жыйналыштардын ачыктыгы

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 35-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-35

---

1. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин жабык жыйналыштарын кошпогондо, жыйналыштар коомчулук үчүн ачык болуп саналат.

2. Жыйналыштардын ачыктыгы тиешелүү жыйналыштарга катышууга өтүнмө берген адамдардын аларга катышуусуна мүмкүнчүлүк берүү менен кепилденет.

3. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин жабык жыйналыштары ушул Мыйзамдын 8-беренесине ылайык алуу мүмкүндүгү чектелүү деп саналган маалымат катышкан маселелерди талкуулоо учурларында өткөрүлөт.

4. Соттук жыйналыштарга катышуу процесстик мыйзамдарда же соттордун ички ишинин маселелерин жөнгө салуучу актыларда каралган тартипте камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-36)
