# 34-берене. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин Интернет желесиндеги сайттары

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 34-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-34

---

1. Мамлекеттик сектордун субъекттери өз иши тууралуу расмий маалыматтарды жайгаштыруу үчүн Интернет желесинде сайттарды түзүүгө милдеттүү. Ушул Мыйзам үчүн мамлекеттик сектордун субъектинин Интернет тармагындагы сайты деп Интернет тармагы аркылуу аларды алуу жүзөгө ашырылган, "KG" домен зонасындагы бир дарек менен бириктирилген маалыматтардын жыйындысы түшүнүлөт.

2. Мамлекеттик сектордун субъектинин сайтында ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган маалымат жайгаштырылат.

3. Мамлекеттик сектордун субъектинин Интернет желесиндеги сайты анда жайгаштырылган документтер жана материалдар менен акысыз таанышуу жана акысыз электрондук көчүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин Интернет желесиндеги сайтында жайгаштырылган документтердин жана башка расмий маалыматтардын электрондук версияларынын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти мамлекеттик сектордун тиешелүү субъекттери тартат.

4. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин сайтында төмөнкү маалыматты камтыган материалдар жайгаштырылууга тийиш:

1) толук расмий аталышы же кыскартылган аталышы;

2) мамлекеттик сектордун субъектинин жобосу жана/же уставы (түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жобону кошкондо);

3) мамлекеттик сектордун субъектинин функцияларын жана иш тартибин аныктоочу ченемдик документтер;

4) жарандардын жана уюмдардын укуктарын жана милдеттерин козгогон ченемдик укуктук актылар;

5) суроолор жана жооптор, актуалдуу маселелерди жана ченемдик документтердин долбоорлорун талкуулоо (форум);

6) окуялар жана жаңылыктар (мамлекеттик сектордун субъектинин иши жөнүндө басма сөз кызматынын билдирүүлөрү);

7) тармактагы же өздөрүнүн тейлеген чөйрөсүндөгү иштин абалы (саясат жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары, статистикалык маалыматтар, тармактын тарыхы жана жетишкендиктери ж.б.);

8) мамлекеттик сектордун субъекти өз функцияларына ылайык жарыялаган актуалдуу материалдар;

9) өткөн жылдагы иштин жыйынтыктары;

10) тармак боюнча тапшырмаларды ишке ашыруунун пландары;

11) типтүү документтер (өтүнмөлөр, бланктар жана аларды толтуруу боюнча нускамалар);

12) бош кызмат орундары (ачык бош орундар жөнүндө), жумушка кирүү тартиби (мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка кирүү тартиби, талаптар), жумушка кирүүдө зарыл болгон документтер (талапкер бериши зарыл болгон документтердин жана формалардын тизмегин камтыган файлдардын реестри);

13) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендерлерди өткөрүү жөнүндө маалыматтар;

14) электрондук кол тамганы пайдалануу менен юридикалык жана жеке жактардан отчетторду, каттарды, арыздарды, даттанууларды жана башка формадагы кайрылууларды кабыл алуу;

15) байланыштар (байланыш маалыматтарынын реестри: почта даректери, веб-даректер, электрондук почта даректери, телефондор, факстар);

16) жайгашкан жери, иш тартиби;

17) жетекчилер жөнүндө жалпы маалымат жана мамлекеттик сектордун субъекттеринин жетекчилеринин кабыл алуу графиги;

18) ведомстволук органдар жана уюмдар;

19) республикалык жана эл аралык программаларга жана долбоорлорго катышуу;

20) графикалык иллюстрациялар жана фотогалерея (мүмкүнчүлүккө жараша);

21) бөлүмдөр боюнча издөө;

22) калк, жеке сектор жана Интернет пайдалануучулар үчүн мамлекеттик сектордун субъекти сунуш кылган сервис-кызмат көрсөтүүлөр;

23) бюджеттин кирешелери жана чыгашалары жана аудиттин натыйжалары, аудит жөнүндө отчеттор, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктары же сунуштамалары;

24) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетин түзүү (кирешелер), кароо, бекитүү, тактоо, аткаруу (чыгашалар) жана аудиттин натыйжалары, аудит жөнүндө отчеттор, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктары же сунуштамалары;

5. Мамлекеттик сектордун субъектинин веб-сайтындагы маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилүүгө тийиш. Веб-сайттын башка тилдерде версиялары болушу мүмкүн.

6. Мамлекеттик сектордун субъекттери веб-сайттарды түзүүгө жана колдоого адистештирилген уюмдарды келишимдик негизде тартууга укуктуу. Адистештирилген уюм тарабынан камсыздалып жаткан маалыматтын аныктыгы, толуктугу жана актуалдуулугу жана ушул Мыйзамдын башка талаптарынын аткарылышы үчүн жоопкерчиликти мамлекеттик сектордун тиешелүү субъекттери тартат.

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы бардык ченемдик укуктук актылардын толук тизмегин жана тексттерин камтыган укуктук маалыматтар боюнча борборлоштурулган банктын иштөө тартибин аныктайт. Борборлоштурулган банктын укуктук маалыматтарын алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мамлекеттик сектордун субъектинин веб-сайты аркылуу жүзөгө ашырылат.

8. Айыл өкмөтүнүн, райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана айыл аймагынын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин иши жөнүндө маалымат тиешелүү райондук мамлекеттик администрациянын веб-сайтына жайгаштырылат.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-35)
