# 32-берене. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин расмий маалымат фонддоруна коомчулуктун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 32-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-32

---

1. Мамлекеттик сектордун субъекттери расмий маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү фонддорун түзөт.

2. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин расмий маалымат фонддорунан маалымат алуу мүмкүндүгү мамлекеттик сектордун тиешелүү субъекти жайгашкан жерде маалыматты пайдалануучуларга түздөн-түз жеке тааныштыруу жолу менен камсыз кылынат.

3. Укуктук актылар, башка документтер жана материалдар расмий маалымат фондуна киргизилет жана аларга кол коюлган же болбосо тийиштүү документтерди жана материалдарды кароого байланышкан актыларга кол коюлган күндөн тартып бир жумадан кечиктирилбестен таанышуу үчүн жеткиликтүү болот.

4. Документтердин жана материалдардын алуу мүмкүндүгү чектелген маалыматты камтыбаган бөлүктөрү тийиштүү документке кол коюлган күндөн тартып бир жумадан кечиктирбестен таанышуу үчүн даярдалууга жана жеткиликтүү болууга тийиш.

5. Документтерди жана материалдарды алууну камсыз кылуу үчүн мамлекеттик сектордун тиешелүү субъектинде таанышуу үчүн көктөмөлөр, ошондой эле документтердин жана материалдардын контролдук нускалары менен көктөмөлөр түзүлөт. Көктөмөдөгү документтер жана материалдар хронологиялык тартипте жайгаштырылат. Таанышуу үчүн түзүлгөн көктөмөлөрдө документтерди жана материалдарды кеминде айына бир жолу тизмелөө жүргүзүлөт, тизмелөө ошондой эле көктөмөлөрдө жайгаштырылат. Документтердин жана материалдардын көктөмөлөрүн мындай тизмелөө маалыматтары каталогдорго бириктирилиши мүмкүн.

6. Мамлекеттик сектордун субъекттери көктөмөлөрдө түзүлгөн документтердин жана материалдардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт жана аларды алууга тиешелүү талаптарды коёт.

7. Көктөмөлөр менен иштөө үчүн документтерден жана материалдардан көчүрмө бөлүгүн жасоого, ошондой эле алардан көчүрмөсүн жасоого мүмкүндүк берүүчү шарттары бар атайын жерлер белгиленет. Документтерди жана материалдарды көчүрүү үчүн берүүнүн шарттарын жана тартибин тиешелүү мамлекеттик сектордун субъекттери белгилейт.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-33)
