# 29-берене. Маалымат таратууну камсыз кылуу боюнча соттордун милдеттери

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 29-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-29

---

1. Соттор өздөрүнүн расмий сайттарына төмөнкүлөрдү камтыган маалыматты жайгаштырат жана элге жарыялоого милдеттүү:

1) соттун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жана соттун ички ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка актылардын тексттерин;

2) сотко кайрылууда пайдаланылуучу документтердин формасына жана мазмунуна карата коюлуучу талаптарды жана/же бул документтердин үлгүлөрүн, көрсөтүлгөн документтерди сотко берүүнүн тартибин;

3) сотто каралууга тийиш болгон иштердин категориялары боюнча мамлекеттик алымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби жөнүндө маалыматтарды;

4) соттук жыйналышты өткөрүү датасын, убактысын жана ордун көрсөтүү менен, сотто турган иштерди угууга дайындоо жөнүндө маалыматтарды;

5) соттук актыларга даттануу тартибин;

6) эл аралык укуктук мамилелерге байланышкан аткаруу иш-аракеттерин жасоо тартибин;

7) соттор тарабынан иштерди кароонун соттук практикасынын маселелери боюнча түшүндүрмөнү, жалпылоону жана серептерди, соттордун иши жөнүндө серептерди;

8) Жогорку соттун пленумунун, илимий-консультациялык кеңештердин, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин иштери жөнүндө маалыматтарды;

9) Жогорку соттун, Конституциялык соттун басылмаларынын электрондук версияларын;

10) соттун бюджети, анын чыгашалары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө маалыматтарды;

11) соттордун жетекчилеринин жана соттордун расмий делегацияларынын расмий визиттери жана иш сапарлары жөнүндө маалыматтарды.

2. Соттун расмий сайтында, ал эми ал болбогон учурда Жогорку соттун расмий сайтында сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча судьянын ишине, анын ичинде судьяга кандай формада болбосун сатып алуу, коркутуу, ошондой эле процесстен тышкары кайрылуунун башка формаларында кысым көрсөтүү жолу менен кийлигишүүлөргө жол берилбестиги жөнүндө маалымат жайгаштырылат.

Конкреттүү соттук иш же соттун (судьянын) өндүрүшүндө турган материал боюнча соттун төрагасына, анын орун басарына же судьяга жазуу жүзүндө же оозеки түрүндө келип түшкөн кайрылуу, соттук териштирүүнүн катышуучулары болуп саналбаган мамлекеттик сектордун субъекттеринин, уюмдун, кызмат адамынын же жарандын кайрылуусу же болбосо соттук териштирүүнүн катышуучуларынын процесстик мыйзамдарда каралбаган формадагы кайрылуусу процесстен тышкары кайрылуу деп түшүнүлөт. Процесстен тышкары кайрылуулар жөнүндө маалыматты элге жарыялоо тартиби Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-30)
