# 27-берене. Маалыматтык материалдарды элге жарыялоо

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 27-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-27

---

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аткаруу бийлик органдарынын түзүмү жана алардын иштөө тартиби жөнүндө жыйынтыкталган маалыматтык материалдарды элге жарыялайт. Жыйынтыкталган маалыматтык материалдарда мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмдөрүнүн сыпатталышы, анын ичинде алардын негизги ыйгарым укуктары жана башкаруу предметтери, ошондой эле алардын жетекчилеринин фамилиялары, алардын жумушчу телефондору, кызматтык даректери, калк менен иштөө режими камтылат.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же анын тапшырмасы боюнча башка аткаруу бийлик органы тарабынан маалымдамалар (жыйнактар) түрүндөгү расмий маалыматтык материалдарды элге жарыялоо каржыланат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтан тышкары, расмий маалымдама басылмаларда ишинин максаты жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жарандарды тейлөө болуп саналган башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык консультациялардын, нотариустардын, китепканалардын, окуу жайлардын, коммуналдык кызматтардын жана башка уюмдардын иш чөйрөсү, аталыштары жана даректери жөнүндө маалыматтар камтылат.

3. Расмий маалымдама басылмалардын кайра басыла турган мөөнөтү аларда камтылган маалыматтын актуалдуулугунун сакталып турушуна жараша эсептелет. Маалымдамалардын тиражы мурдагы мезгилде таратылган нускалардын санынын негизинде аныкталат. Маалымдамалар жалпыга маалымдоонун басылма каражаттарын чекене сатуу пункттарында сатып алуу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-28)
