# 25-берене. Суроо-талап боюнча соттук актыларды элге жарыялоо жана берүү

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 25-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-25

---

1. Ар бир адам иштин маңызы боюнча кабыл алынган жана сот тарабынан эл алдында жарыя кылынган соттук актыларды кандай ыкма менен болсо да, анын ичинде аларды басма сөз басылмаларында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо, жыйнактарды же электрондук маалымат базаларын түзүү жолу менен толук же жарым-жартылай жарыя кылууга укуктуу.

2. Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актыларды басма сөз басылмаларында жарыялоо кошумча күбөлөндүрүүсүз жүргүзүлөт. Соттук актылардын тексттеринин мазмунун бурмалоого жол берилбейт. Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актыларды жарыялоо ушул Мыйзамдын талаптарына да жооп берүүгө тийиш.

3. Ар бир адам ушул Мыйзамдын 17-беренесинде каралган мөөнөттөрдө соттук актынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-26)
