# 24-берене. Иштин натыйжалары жөнүндө ар жылдык баяндамалар

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 24-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-24

---

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөдөгү иштердин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын элине ар жылдык кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун конституциялык мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү иштердин абалы жөнүндө баяндамаларын элге жарыялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан камсыз кылынат.

2. Мамлекеттик сектордун субъекттери отчеттук мезгил ичиндеги өз иши жөнүндө баяндамаларды элге жарыялайт, аларда отчеттук мезгил ичинде социалдык-саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө болуп өткөн өзгөрүүлөрдүн динамикасы, атап айтканда бюджеттик каражаттарды чыгымдоо, республикалык бюджетке жана жергиликтүү бюджеттерге салыктык түшүүлөрдүн булактары жана көлөмү, рыноктун айрым секторлору боюнча өндүрүштүн жана керектөөнүн көлөмү, ички жана тышкы инвестициялардын көлөмү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, саламаттыкты сактоо, калктын миграциясы, экология сыяктуу багыттар боюнча, ошондой эле өздөрүнүн ишинин башка багыттары боюнча негизги статистикалык көрсөткүчтөр чагылдырылат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-25)
