# 22-берене. Расмий маалымат берүү

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 22-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-22

---

1. Расмий маалымат аны мамлекеттик сектордун субъектинин веб-сайтында же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыкма менен элге жарыялоо аркылуу берилет. Расмий маалымат алуунун башка ыкмалары кошумча каралышы мүмкүн.

2. Расмий маалымат берүү төмөнкүлөрдү элге жарыялоо аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) белгиленген жарыялоо тартибин жана мөөнөттөрүн сактоо менен ченемдик укуктук актыларды;

2) мамлекеттик сектордун субъекттеринин учурдагы чечимдери жана расмий окуялары жөнүндө маалыматты;

3) кабыл алынган чечимдер, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча маалыматтык түшүндүрүүлөрдү;

4) мамлекеттик сектордун субъекттеринин иш натыйжалары жөнүндө ар жылдык баяндамаларын;

5) мамлекеттик сектордун субъекттеринин ченемдик укуктук актылардын майнаптуулугуна жана натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн мониторинг жана баалоонун жыйынтыктары жөнүндө ар жылдык отчетторун, ошондой эле мамлекеттик программаларды ишке ашыруу жөнүндө отчетторун;

6) процесстик мыйзамдарда жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоо менен иштин маңызы боюнча белгиленген формада чыгарылган соттук актылардын тексттерин;

7) башка маалыматтык материалдарды.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-23)
