# 21-берене. Суратылган маалыматты берүүдөн баш тартуу үчүн негиздери

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 21-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-21

---

1. Суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылууга тийиш, эгерде:

1) суратылган маалымат ушул Мыйзамдын 8-беренесине ылайык алуу мүмкүндүгү чектелген маалыматтын категориясына кирсе;

2) суроо-талап ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган талаптарга ылайык келбесе, жоопту берүүгө жооптуу адам тарабынан арыз ээсине мындай кемчиликтерди четтетүү боюнча жардам сунушталган шартта;

3) ошол эле арыз ээсинин ушундай эле суроо-талабы, же ошол эле арыз ээсинин ушундай эле суроо-талабы боюнча маалыматка кыйла дал келген суроо-талап башка маалымат ээсинин кароосунда турган болсо же ал боюнча акыркы үч айдын ичинде жооп берилсе;

4) суралган маалымат бул маалымат ээсинин карамагында болбосо же болууга тийиш эмес болсо.

2. Маалымат берүүдөн баш тартуу төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

1) суралып жаткан маалыматтын кыскача сыпаттамасы, маалыматты берүүдөн баш тартууга негиз болгон мыйзамдардын ченемдерине конкреттүү шилтемелер, жоопту берүүгө жооптуу адамдын фамилиясы, инициалдары жана кызмат орду;

2) ушул Мыйзамдын ченемдеринин бузулушу жөнүндө даттанууларды кароого ыйгарым укуктуу органдардын аталышын жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен суроо-талапка берилген жоопко даттануунун негиздери, мөөнөттөрү жана тартиби.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-22)
