# 20-берене. Маалыматты берүүгө байланышкан чыгымдар

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 20-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-20

---

1. Суроо-талаптарга жоопторду даярдоо ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген учурларды кошпогондо, маалымат ээлери тарабынан акысыз жүзөгө ашырылат.

2. Он беш беттен ашкан көлөмдөгү документтерди жана материалдарды же алардын бөлүктөрүн көчүрмөлөөнү талап кылган маалыматты берүү жөнүндө суроо-талаптар үчүн көчүрмөлөө кызматтарынын өздүк наркынан ашпаган акы алынышы мүмкүн.

Мамлекеттик сектордун субъекттери тарабынан маалымат берилген учурда, көчүрмөлөө кызматтарынын наркынын бирдиктүү реестри, стандарттары жана прейскуранты жана аларды төлөө шарттары, анын ичинде калктын социалдык аярлуу категорияларын акы төлөөдөн бошотуунун шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-21)
