2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Күчүндө · 29.12.2023 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзам ар бир адамдын маалымат алуу укугун ишке ашыруу жана коргоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Ар бир адам ушул Мыйзамда каралган тартипте маалымат ээлеринин карамагында болгон маалыматты алуу укугуна ээ.
3. Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамдын иш чөйрөсүнө тиешелүү болгон мыйзамдардын ченемдери ушул Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш. Ушул Мыйзам менен башка мыйзамдардын ортосунда коллизиялар келип чыккан учурда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.
Ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболору башка мыйзамдар менен ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык маалымат алууга чектөөлөрдү белгилөөгө тоскоол болбойт.
4. Ушул Мыйзамды колдонууда анын ченемдери анын максаттарын жана ушул Мыйзамдын 1-беренесинде жана 5-беренесинин 2-бөлүгүндө баяндалган маалымат алуу укугун ишке ашыруу максаттарын кыйла толук ишке ашырууга мүмкүндүк бере турган ыкма менен чечмеленүүгө тийиш.
5. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө колдонулбайт:
1) ушул Мыйзамды бузууларга байланыштуу берилүүчү даттанууларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштары, арыздары жана даттануулары менен байланышкан мамилелерге;
2) кароонун тартиби процесстик мыйзамдарда белгиленген жеке жана юридикалык жактардын кайрылуусуна байланыштуу келип чыккан мамилелерге;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо, жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык алуу мүмкүндүгү чектелген маалыматты берүүгө байланышкан мамилелерге, ошондой эле ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 3-бөлүгүндө келтирилген маалыматка карата алуу мүмкүндүгү чектелген маалыматты берүүгө байланышкан мамилелерге.
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз…Закон · 29.12.2016 · № 224
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 19.02.2013 · № 22 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү…Закон · 20.07.2017 · № 130 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230009705/st-2" title="2-берене - Маалымат алуу укугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>