# 19-берене. Маалымат алуунун кошумча кепилдиктери

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 19-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-19

---

1. Эгерде суратылган маалымат башка маалымат ээсинин карамагында турган болсо, анда арыз ээсинин суроо-талабы келип түшкөн датадан тартып үч жумуш күндүн ичинде суроо-талап алгач ага келип түшкөн маалымат ээси суроо-талапты тийиштүү маалымат ээсине кайра жөнөтөт жана бул тууралуу арыз ээсине кабарлайт, бул тууралуу каттоо журналында белгиленет.

2. Эгерде суратылган документтер элге жарыя кылынган болсо, анда жоопту даярдоого жооптуу адам жоопто маалымат элге жарыяланган тийиштүү булакка шилтеме кылууга укуктуу. Ошону менен бирге суроо-талапка берилген жоопто милдеттүү документтерден тышкары, маалымат элге жарыя кылынган тийиштүү булактын реквизиттери көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-20)
