# 18-берене. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талапты кароонун жана канааттандыруунун тартиби

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 18-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-18

---

1. Маалыматка болгон ар бир суроо-талап маалымат ээси тарабынан датаны, арыз ээсинин байланыш маалыматтарын, суроо-талаптын предметинин кыскача туюндурмасын көрсөтүү менен ал келип түшкөн күнү катталат жана маалымат алууну камсыз кылуу үчүн жооптуу адамга өткөрүп берилет.

2. Катталгандан кийин суроо-талап суралган маалыматты издөө жана жооп үчүн зарыл документтердин топтомун түзүү үчүн жооп даярдоого жооптуу адамга жиберилет.

Жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талаптарга жооптор толук болуп, кайталап суратуу зарылдыгын жаратпоого тийиш.

3. Суроо-талапка берилген жооп төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) суроо-талаптын предметинин кыскача туюндурмасы, берилүүчү маалыматтын жана документтердин тизмеги, суроо-талапты аткаруучунун фамилиясы, инициалдары жана кызмат орду, жоопко кол коюлган дата камтылган жооптуу адамдын суроо-талапты аткарганы жөнүндө маалыматы;

2) берилүүчү жазуулар, Интернет тармагында, анын ичинде маалымат ээсинин сайтында жеткиликтүү маалыматтын электрондук версияларына шилтемелер, ошондой эле берилүүчү документтердин көчүрмөлөрү же алар боюнча маалымдамалар;

3) маалыматты бергендиги үчүн акынын өлчөмү жана аны алуунун тартиби жөнүндө маалымат (маалымат берүү акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылган учурларда);

4) ушул Мыйзамдын бузулушу жөнүндө даттанууларды кароого ыйгарым укуктуу органдардын аталышын жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен суроо-талапка берилген жоопко даттануунун негиздери, мөөнөттөрү жана тартиби.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-19)
