# 17-берене. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талаптарга жооп берүү мөөнөттөрү

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 17-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-17

---

1. Арыз ээсинин каалоосу боюнча маалымат ээси келип түшкөн суроо-талаптын катталуу номерин жана датасын арыз ээсине берет.

2. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талапка жооп 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен берилет.

Мөөнөт суроо-талап алынган күндөн тартып эсептелет жана жооп жөнөтүлгөн күнү аяктайт (почта бөлүмүнө жеткирүү, арыз ээсинин өз колуна, анын чабарманына же өкүлүнө жеке тапшыруу же электрондук түрдө жөнөтүү). Эгерде суроо-талап башка маалымат ээсине жөнөтүлсө, мөөнөттү эсептөө бул маалымат ээси суроо-талапты алган күндөн тартып башталат. Белгиленген мөөнөттүн ичинде суроо-талапка жооп даярдоо мүмкүн болбогондо же маалыматтын көлөмүнүн чоңдугуна же үчүнчү жактар менен макулдашууга байланыштуу кыйла кыйынчылыктар болгон учурда, маалымат ээси кийинкиге жылдыруунун себептерин көрсөтүү менен арыз ээсине тиешелүү жазуу жүзүндөгү (электрондук) кабарламаны баштапкы мөөнөт аяктаганга чейин жөнөтүп, суроо-талапка жооп берүү үчүн мөөнөттү кошумча 10 жумуш күнгө чейин узартууга укуктуу.

3. Белгиленген мөөнөттө суроо-талапка жооп бербөө же жооп берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабарламанын жок болуусу маалымат берүүдөн баш тартуу деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-18)
