# 16-берене. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талаптын формасы жана мазмуну

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 16-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-16

---

1. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талапта милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) суроо-талап жиберилип жаткан органдын аталышы жана (же) маалымат ээсинин кызмат адамынын фамилиясы, инициалдары;

2) жеке жактар үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты, байланыш маалыматтары (арыз ээси өзү көрсөткөн артыкчылыктуу формасына жараша);

3) юридикалык жактар (алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү) үчүн - юридикалык жактын (филиалдын, өкүлчүлүктүн) аталышы, байланыш маалыматтары;

4) кандай маалымат берилиши керектигин жана анын бар же жоктугун аныктоого маалымат ээсине мүмкүндүк берүүчү суралган маалыматтын сыпаттамасы.

2. Арыз ээси анын пикири боюнча суроо-талабын иштеп чыгууга жардам берет деп эсептеген башка ар кандай маалыматты бере алат, бирок өзүнүн суроо-талабынын себептерин көрсөтүүгө милдеттүү эмес.

3. Маалымат ээлери жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талаптын типтүү бланкын иштеп чыгууга жана өз орун жайларында, ошондой эле онлайн режиминде - тиешелүү сайтта же тиркемеде аны алууну камсыз кылууга милдеттүү.

4. Арыз ээси өз каалоосу боюнча типтүү бланктын формасын колдонууга же ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган талаптарды эске алуу менен суроо-талапты эркин формада берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-17)
