# 15-берене. Маалымат берүү жөнүндө оозеки суроо-талап

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 15-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-15

---

1. Оозеки түрдө маалымат арыз ээсинин суроо-талабы боюнча берилет.

2. Эгерде оозеки суроо-талапка оозеки жооп арыз ээсин канааттандырбаса, ага жазуу жүзүндө же электрондук түрдө суроо-талап жөнөтүүнүн тартиби, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык маалымат алуунун башка ыкмалары түшүндүрүлөт.

3. Ар бир оозеки суроо-талап электрондук журналга катталууга тийиш, анда арыз ээси, (жооп алуунун артыкчылыктуу формасына жараша арыз ээси өзү көрсөткөн) байланыш маалыматтары, суроо-талаптын датасы жана убактысы, суроо-талаптын предмети, ошондой эле суроо-талап боюнча оозеки маалымат берген адам жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-16)
