# 14-берене. Маалыматка суроо-талаптарды жиберүүнүн формалары

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 14-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-14

---

1. Маалыматка суроо-талаптар маалымат ээлерине төмөнкү формада жөнөтүлөт:

1) оозеки түздөн-түз кайрылуу, телефон же интернет аркылуу (мындан ары - оозеки суроо-талап);

2) маалымат ээсине почта же факс (документтин түп нускасын милдеттүү түрдө жиберүү менен), чабарман аркылуу түздөн-түз берилүүчү же байланыштын электрондук каналдары аркылуу берилүүчү жазуу жүзүндөгү суроо-талап.

2. Маалыматты алып жүрүүчүнүн бүтүндүгүнө жана сакталышына зыян келиши мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, эгерде суроо-талаптын өзүндө жооп берүүнүн башка артыкчылыктуу формасы түз каралбаса, суроо-талапка жооп ошол суроо-талап жөнөтүлгөн формада канааттандырылат.

Мындай учурларда суроо-талапка жооп маалыматты алып жүрүүчүнүн бүтүндүгүнө жана сакталышына зыян келтирилбеген суроо-талаптын өзүнүн формасына же башка формага ылайык келүүгө тийиш.

3. Маалымат ээсинин карамагында маалымат эки жана андан көп тилде турган болсо, ал арыз ээси сураган тилде берилет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-15)
