# 12-берене. Маалымат ээсинин милдеттери

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 12-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-12

---

Маалымат ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) маалыматты пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;

2) маалыматты коргоо боюнча чараларды көрүүгө;

3) өз карамагында турган документтердин эсебин системалуу түрдө жүргүзүүгө;

4) маалыматка суроо-талаптын эсебин жүргүзүүгө;

5) маалыматты пайдалануучулардын документтер же алардын көчүрмөлөрү менен иштеши үчүн атайын жерлерди аныктоого, ошондой эле аларга көчүрмө алууга, сүрөткө тартууга, көчүрүп алууга, сканерден өткөрүүгө, ар кандай алып жүрүүчүгө жаздырууга ж.б. укуктарды берүүгө;

6) маалымат алууну камсыз кылуу үчүн атайын түзүмдүк бөлүмдөрдүн же жооптуу адамдардын болуусуна;

7) анык, так жана толук маалыматты берүүгө;

8) маалыматты пайдалануучуларга алардын маалымат алуу укугун жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүгө;

9) ушул Мыйзамда белгиленген башка талаптарды аткарууга.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-13)
