# 11-берене. Маалымат ээлери

- Документ: [Маалымат алуу укугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5355/edition/11754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009705/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу укугу жөнүндө, 11-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-11

---

1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн маалыматтардын ээлери болуп мамлекеттик сектордун субъекттери, ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген критерийлерге ылайык келген мамлекеттик эмес сектордун субъекттери таанылат.

2. Мамлекеттик эмес сектордун субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген, атайын же өзгөчө укукка же табигый монополияга ээ болгон юридикалык жактар товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо шарттарына, алардын баасына жана шарттардын жана баалардын өзгөрүүсүнө тиешелүү маалыматты алуу мүмкүндүгүн берүү бөлүгүндө;

2) катышуунун мамлекеттик же муниципалдык үлүшү жок юридикалык жактар мамлекеттик бюджеттен коомдук пайдалуу милдеттенмелерди аткаруу үчүн бөлүнгөн каражаттардын колдонулушуна тиешелүү маалымат бөлүгүндө.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705/st-12)
