# 1-берене

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230009703)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 28-июнундагы № 110 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009703/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5354/edition/11740/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009703/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (28.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009703/st-1

---

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 15-апрели, № 34) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берененин 4-бөлүгүнүн 6-пунктунда "Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифтери менен басылып чыккан окуу китептерин" деген сөздөр "Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифти менен басылып чыккан окуу китептерин жана окуу куралдарын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар билим алган атайын же адистештирилген билим берүү уюмдары үчүн атайын окуу китептерин жана окуу куралдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 17-берененин 3-бөлүгүнүн 18-пунктунда "жана Брайль шрифтинде терилген окуу куралдарын" деген сөздөр ", Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифтери менен басылып чыккан окуу китептерин жана окуу куралдарын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар билим алган атайын же адистештирилген билим берүү уюмдары үчүн атайын окуу китептерин жана окуу куралдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009703/st-2)
