# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-июнундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-июнундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009698>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5353/edition/11738/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009698.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-июнундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (26.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009698

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 26-июну № 103

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009698/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 9-берененин 2-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "б) колдонулушу Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагы менен чектелген жана чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдаланууга лицензияларга, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында берилүүчү лицензияларга, жеке нотариалдык ишти жүзөгө ашыруу лицензияларына карата, ошондой эле ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 12 жана 35-пункттарында каралган лицензияларга гана карата киргизилген;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009698/st-2)

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 14-марты, № 19) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 14-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Аймактык колдонуу чөйрөсү боюнча лицензиялар төмөнкүдөй айырмаланат:

- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө универсалдуу лицензия;

- Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө локалдаштырылган лицензия.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230009698/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) саны менен жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 30-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
