# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 332 "Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 332 "Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 332
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009672>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29458/edition/11706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009672.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 332 "Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (24.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009672

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 24-июну № 332 Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тартылган министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
