# Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-июнундагы “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна Саячык көмүр кенинен көмүр казууга уруксат берүү жөнүндө" №12/1 токтому

- Толук аталышы: Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-июнундагы “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна Саячык көмүр кенинен көмүр казууга уруксат берүү жөнүндө" №12/1 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/1
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009671>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29459/edition/11708/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-июнундагы “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна Саячык көмүр кенинен көмүр казууга уруксат берүү жөнүндө" №12/1 токтому (18.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009671

---

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 12 сессиясы

2024-жылдын 18-июну №12/1

“Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна Саячык көмүр кенинен көмүр казууга уруксат берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген 6214 СЕ лицензиясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №810 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө ЖОБОго ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

1. Саячык көмүр кенинен 35,07га жер аянтын “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна көмүр кенин казууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат берилсин.

2. “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын негизинде казуу иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.

3. Ак-Чий айылдык кеңешинин 28-декабрь 2019-жылдагы XVIII/2 “Ак-Чий айыл аймагынын Саячык участкасынан “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна көмүр казууга уруксат берүү жөнүндөгү” токтом жокко чыгарылсын.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.

5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

Айылдык кеңештин төрагасы

Б. Кемелов
