Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна Саячык көмүр кенинен көмүр казууга уруксат берүү жөнүндө» №12/1 токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 12 сессиясы
2024-жылдын 18-июну №12/1
“Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна Саячык көмүр кенинен көмүр казууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген 6214 СЕ лицензиясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №810 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө ЖОБОго ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
1. Саячык көмүр кенинен 35,07га жер аянтын “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна көмүр кенин казууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат берилсин.
2. “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын негизинде казуу иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Ак-Чий айылдык кеңешинин 28-декабрь 2019-жылдагы XVIII/2 “Ак-Чий айыл аймагынын Саячык участкасынан “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна көмүр казууга уруксат берүү жөнүндөгү” токтом жокко чыгарылсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы
Б. Кемелов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.