# Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясынын 2024-жылдын 05-июнундагы № 12 "Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясынын 2024-жылдын 05-июнундагы № 12 "Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009605>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29398/edition/11646/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясынын 2024-жылдын 05-июнундагы № 12 "Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому (05.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009605

---

ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы 2024-жылдын 05-июнундагы № 12 Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө Кош-Көл айылынын тургуну Ж.А.Мукамбетовдун кайрылуусун угуп, талкуулап, 21 адамдын колу коюлган макулдук кагазынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467токтому менен бекиген (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы №488, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык) “Мамлекеттик маанидеги объектилерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” ЖОБОнун 4-пунктуна ылайык, Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, КПСС мүчөсү, коомдук жана саясий ишмер Мукамбетов Аваздын ысымы Кош-Көл айылындагы жаңы конуштун долбоорлонгон №7 көчөсүнө ыйгарылсын.

2.Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү баласы Мукамбетов Жеңишбек Авазовичке милдеттендирилсин.

3. Мукамбетов Аваздын ысымын ыйгарууга ылайыктуу көчөнү аныктоо, сунуштоо жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнү башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

Төрага Э.А.Мамбетов
