Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясынын «Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы 2024-жылдын 05-июнундагы № 12 Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө Кош-Көл айылынын тургуну Ж.А.Мукамбетовдун кайрылуусун угуп, талкуулап, 21 адамдын колу коюлган макулдук кагазынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467токтому менен бекиген (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы №488, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык) “Мамлекеттик маанидеги объектилерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” ЖОБОнун 4-пунктуна ылайык, Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, КПСС мүчөсү, коомдук жана саясий ишмер Мукамбетов Аваздын ысымы Кош-Көл айылындагы жаңы конуштун долбоорлонгон №7 көчөсүнө ыйгарылсын.
2.Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү баласы Мукамбетов Жеңишбек Авазовичке милдеттендирилсин.
3. Мукамбетов Аваздын ысымын ыйгарууга ылайыктуу көчөнү аныктоо, сунуштоо жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнү башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.