# Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 50 "Бишкек шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 50 "Бишкек шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009550>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29358/edition/11602/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009550.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 50 "Бишкек шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" токтому (29.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009550

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 29-сентябры № 50

Бишкек шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 11 130 052,9 миӊ сом суммада, чыгашалар боюнча 10 545 388,4 миӊ сом суммада, чыгашалардан кирешелерди ашыруу боюнча 584 664,5 миӊ сом суммада бекитилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.

Төраганын убактылуу милдетин аткаруучу

Ж.А. Абдраимов
