Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-сентябры № 50
Бишкек шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 11 130 052,9 миӊ сом суммада, чыгашалар боюнча 10 545 388,4 миӊ сом суммада, чыгашалардан кирешелерди ашыруу боюнча 584 664,5 миӊ сом суммада бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төраганын убактылуу милдетин аткаруучу
Ж.А. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59