# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 314 "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча станцияны түзүү жана эксплуатациялоо" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 314 "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча станцияны түзүү жана эксплуатациялоо" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 314
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009524>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29333/edition/11547/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009524.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 314 "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча станцияны түзүү жана эксплуатациялоо" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009524

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 13-июну № 314

"Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча станцияны түзүү жана эксплуатациялоо" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

"Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча станцияны түзүү жана эксплуатациялоо" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "Долбоордук кум коргон" режиминде "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча станцияны түзүү жана эксплуатациялоо" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кызыкдар тарап катары чыккан "Таза Комплекс" жоопкерчилиги чектелген коому менен бирдикте "долбоордук кум коргон" режиминде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол койсун жана мамлекеттик өнөктөш катары Ош шаарынын мэриясын аныктасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

"Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча станцияны түзүү жана эксплуатациялоо" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жеке демилге жөнүндө сунуш

1. Долбоордун баяндалышы

Акыркы жылдары Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарынын (мындан ары - КТК) түзүмүндө жана пайда болуу көлөмүндө олуттуу өзгөрүүлөр болду. Өткөн кылымдын 90-жылдарына чейин КТКнын негизги бөлүгүн тамак-аш калдыктары түзгөн, ал эми КТКны кайра иштетүү системасы бар болгондуктан, айнек, металл жана кагаз анча деле көп эмес болчу. Кагаз (макулатура), металл жана айнекти кабыл алуу пункттары иштеген. Полимердик калдыктар КТКнын жалпы массасынын жүздөн бирин түзгөн. Шаардын калкынын санынын көбөйүшү, рыноктук мамилелерге өтүү жана чет өлкөдөн олуттуу көлөмдөгү товарлардын импорттолушу полимердик калдыктардын КТКдагы үлүшүнүн кескин өсүшүнө алып келди, алар бүгүнкү күндө көлөмдүн 30%дан ашыгын түзөт. Ошол эле учурда кайра иштетүүчү пункттар жабылган. Мунун баары КТКнын көлөмүнүн жана түзүмүнүн кескин өзгөрүшүнө алып келди. Ош шаары үчүн тиричилик калдыктарын оптималдуу жайгаштыруу проблемасы өтө маанилүү болуп саналат, анткени таштандылар жыл сайын көп топтолуп, кайра пайда боло берет, аларды утилдештирүү үчүн чоң аянттарды бөлүүнү талап кылат. Статистикалык маалыматтар боюнча, 2023-жылдын 1-январына карата Ош шаарында 360 миңден ашуун адам жашайт (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети), аларда эксперттик баалоолор боюнча жылына болжол менен 6,0 млн. куб.м тиричилик калдыктары пайда болот. 1975-жылдан бери иштеп келе жаткан шаардык таштанды полигону Ош-Ноокат жолунун 7-километринде жайгашкан жана 62 гектар жерди ээлейт. Полигон таштандыга толуп, КТК көмүүчү полигондорго коюлган техникалык, санитардык-экологиялык жана башка талаптарга жооп бербейт. Учурда Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишканалар дээрлик жок. Ошондуктан, бардык пайда болгон тиричилик калдыктарынын 1%нан азы экинчилик сырьену алуу жана аларды андан ары пайдалануу үчүн колдонулат. Ошол эле учурда калдыктардын олуттуу бөлүгүн экинчилик сырье жана материалдарга айландырууга болот, бул экологиялык гана эмес, ресурстук көйгөйлөрдү да чечмек. Ош шаарынын тургундары жылына жалпысынан 140200 тоннага жакын таштанды чыгарышат, күнүнө 541,5 тонна таштанды, ар бир шаар тургунуна болжол менен 1,5 кг таштанды туура келет. Анын 5%га жакыны таштанды жыйноочулар тарабынан иргелет, көлөмүнүн 10%ы жеринде өрттөлөт, 60-70%ы полигонго ташып чыгарылат, дагы 10%ы шаар аймагында калат(1). Ош шаарындагы тиричилик калдыктарынын морфологиялык орточо курамын: айнек - 2,8%, полимерлер - 16,2%, тамак-аш калдыктары - 32%, жыгач - 2%, текстиль - 7,8%, кагаз, картон - 23,8% жана башка калдыктар - 15,4% түзөт (1-таблицаны караңыз)(2). 1-таблица. Ош шаарындагы тиричилик калдыктарынын курамы

Аталышы

Пайыздык үлүшү

Тамак-аш калдыктары

32%

Кагаз

23,8%

Айнек

8%

Темир жана анын эритмелери

6,1%

Текстиль

6%

Пластмасса

5%

Жыгач

5%

Резина жана булгаары

3%

Алюминий

1%

Башка металлдар

0,3%

Калдыктарды чогултуунун, ташып чыгаруунун жана полигондорго жайгаштыруунун колдонуудагы схемасы аны кайра иштетүү көз карашынан алганда натыйжасыз. Тиричилик калдыктарын зыянсыздандыруунун колдонуудагы схемасы таштандылардын басымдуу бөлүгүн (99%га жакыны) полигондорго жана уюштурулбаган таштанды жайларына негизделген. Тиричилик калдыктары өзүнчө чогултулбагандыктан, кагаз, полимерлер, айнек, металл идиштер жана тамак-аш калдыктары менен бирге жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер, сынган люминесценттик лампалар жана сымапты камтыган термометрлер, уулуу химикаттардын калдыктары бар идиштер, лактар, боектор ж.б. калдыктар жалпы контейнерге ташталгандыгы абалды ого бетер курчутууда. Ошентип, калдыктарды көмүү технологиясы бузулса, полигондордо өзүнөн өзү өрт чыгып, мунун натыйжасында атмосферага чыккан уулуу компоненттердин концентрациясы ондогон жана жүздөгөн эсеге көбөйөт, ал эми уулуу газдардын тизмеси кыйла кеңейет. Атап айтканда, полигондун күйүү зонасында абада көмүртек кычкылы, күкүрттүн диоксиди, азот оксиддери, аммиак, бензол, ошондой эле флуорен, фенантрен, антрацен, метан, этан, этилен, пропан, пропилен, бутан пайда болот. Полигондордун таасир этүү зонасында топурак коргошун, мышьяк, калай, марганец, хром, цинк, жез, никель жана башка уулуу элементтер жана оор металл кошулмалар менен булганат. Ушуга байланыштуу калдыктарды полигонго таштаганга чейин сорттоо боюнча эффективдүү системаны түзүү максатында, Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоочу станцияны түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору демилгеленип жатат, бул шаардын экологиялык жана санитардык абалына олуттуу таасирин тийгизет. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун шарттарына ылайык, жеке өнөктөштүн эсебинен Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоочу станциянын курулушун камсыздоо сунушталууда. Жеке өнөктөштүн негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- КТКны сорттоочу станцияны орнотуу үчүн бетон катмарын салуу;

- КТКны сорттоочу станция үчүн жабдууларды сатып алуу жана жеткирүү;

- КТКны сорттоочу станциянын жабдууларын монтаждоо жана ишке киргизүү иштерин жүргүзүү;

- КТКны сорттоочу станцияны колдонуу менен КТК сорттоо.

Жеке өнөктөштүн салымы жогоруда аталган иш-чараларды каржылоо болот. Мамлекеттик өнөктөштүн негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- КТКны сорттоочу станцияны орнотуу үчүн жер участогун тандоону (жеке өнөктөш менен макулдашуу боюнча) жана берүүнү камсыз кылуу;

- жер участогун электр жана суу менен камсыз кылуу, жер участогуна топографиялык изилдөө жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;

- мамлекеттик жана жеке өнөктөштөр ортосунда макулдашылган көлөмдө жана графикте КТКны сорттоочу станцияга КТКнын агымдарын багыттоону камсыз кылуу.

Мамлекеттик өнөктөш Ош шаарынын мэриясы болот. Жеке өнөктөш конкурстун жыйынтыгы менен аныкталат. Долбоор боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн объекти болуп Ош шаарында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөр тарабынан макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке өнөктөшкө берилген жер участогунда курулган катуу калдыктарды сорттоочу станция эсептелет. КТК сорттоочу станция ишке киргизилгенден кийин мамлекеттик жана жеке өнөктөштөр Долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карашат: кийин отун катары пайдалануу үчүн жылуулук иштеп чыгуучу фракцияны тандоо линиясын түзүү. Келечектеги КТК сорттоочу станциянын деталдуу мүнөздөмөлөрү Долбоор боюнча макулдашуу түзүү укугуна конкурстун жүрүшүндө квалификациялык тандоого арыз менен бирге берилиши керек.

2. Долбоорду ишке ашыруунун максаттары жана милдеттери

Долбоордун максаты Ош шаарында көмүлгөн КТКнын көлөмүн азайтуу жана калдыктарды чарбалык жүгүртүүгө тартуу. Долбоор Ош шаарындагы катуу тиричилик калдыктары менен иштөө жаатындагы экологиялык абалды жакшыртууга, Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздук концепциясында, 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүү программасында(3), 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында(4), 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууга багытталган(5). Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында төмөнкү милдеттер чечилет:

1) экологиялык жүктү азайтуу:

- КТКны сорттоо полигондо көмүлгөн калдыктардын массасын жана көлөмүн азайтат;

- полигондун ресурстук иштөө мөөнөтү көбөйөт;

- көмүлгөн калдыктардын коркунучтуу классы төмөндөйт;

- алдын ала сорттоодон өткөн КТКны жайгаштыруунун тыгыздыгы жогорулайт, бул өз кезегинде полигондо калдыктардын өрт чыгуу коркунучун жана масштабын азайтат;

2) экономикалык таасир:

- жаңы ишкананын ишинен түшкөн салыктык кирешелерден жана айлана-чөйрөгө терс таасири үчүн төлөмдөрдөн бюджетти толтуруунун жаңы булактарын түзүү;

- чарбалык жүгүртүүгө экинчи ирет материалдык ресурстарды тартуу: макулатура, пластик, айнек, кара жана түстүү металлдар;

3) социалдык таасир:

- Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында ар кандай курактагы, ар кандай билимдүү (билимсиз, орто атайын жана жогорку билимдүү) адамдар үчүн, аялдар жана эркектер үчүн 80 жумуш оруну түзүлөт;

- Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында экинчи материалдык ресурстарды кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулугу ишке тартылат.

3. Долбоорго карата мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдонуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк - бул мамлекеттик өнөктөш менен жеке уюмдун ортосундагы келишим (эреже катары, орто же узак мөөнөттүү), анда жеке өнөктөш мамлекеттик функцияларды аткарат (мисалы, коомчулукка инфратүзүмдү жана (же) кызматтарды көрсөтөт) жана инфратүзүмдү же кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуунун эң жакшы жолун иштеп чыгат жана жеке өнөктөш ошондой эле эгерде долбоор сапатсыз ишке ашырылса, анын кирешесине түздөн-түз таасир эткен тобокелди алып жүрөт (башкача айтканда "тобокелдиктерди бөлүштүрүү"). Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, курамына кайра иштетүүгө тийиш болгон пайдалуу компоненттерди камтыган калдыктарды көмүүгө тыюу салынат (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамынын 16-беренесинин 7-бөлүгү). Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында КТК менен иштөө чөйрөсүн каржылоо чектелүү. КТКны иштетүү (сорттоо) боюнча жаңы кубаттуулуктарды түзүү жана күтүү үчүн бюджеттик каражаттардын тартыштыгы бар. МЖӨ механизминин алкагында Долбоорду ишке ашыруу Ош шаарынын же Кыргыз Республикасынын бюджетинен бюджеттик каражаттарды чыгымдоону болтурбоого мүмкүндүк берет - Долбоор боюнча капиталдык салымдарды кайтаруу жана операциялык чыгымдарды жабуу КТКны сорттоо процессинде алынган экинчи материалдык ресурстарды сатуунун эсебинен ишке ашыруу пландалууда.

4. Долбоорду ишке ашыруу үчүн болжолдонгон инвестициялардын көлөмү

Долбоор боюнча жеке өнөктөш тартууга милдеттенген инвестициянын болжолдуу өлчөмү 95000000 (токсон беш миллион) сомго чейинки сумманы түзөт.

5. Долбоорго минималдуу талаптар (Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык, эксплуатациялык, коммерциялык жана башка мүнөздөгү минималдуу милдеттүү талаптар)

"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Долбоор боюнча Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жеке өнөктөш үчүн техникалык, эксплуатациялык, коммерциялык жана башка мүнөздөгү төмөнкү милдеттүү минималдуу талаптар белгиленген. Минималдуу техникалык талаптар:

1) жеке өнөктөш КТКны сорттоо боюнча станцияны орнотуу жана монтаждоо үчүн бетондолгон аянтчаны түзүү боюнча долбоорлоо жана курулуш иштерин өздүк же тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүшү керек;

2) жеке өнөктөш долбоорлоо жана куруу үчүн зарыл болгон бардык уруксат берүүчү документтерди (уруксаттарды, экспертизалардын корутундуларын) ыйгарым укуктуу органдардан алууга тийиш;

3) жеке өнөктөш КТКны сорттоо боюнча станция үчүн жабдууларды сатып алууга жана жеткирүүгө тийиш;

4) жеке өнөктөш КТКны сорттоо боюнча станциянын сатып алынган жабдууларына карата бардык зарыл болгон монтаждоо жана жөнгө салуу иштерин жүргүзүшү керек;

5) мамлекеттик өнөктөш Долбоорду ишке ашыруу үчүн ылайыктуу жер участогун (жеке өнөктөш менен бирге) тандап алышы керек;

6) мамлекеттик өнөктөш жеке өнөктөшкө жер участогуна карата укук берүүнү камсыз кылууга милдеттүү;

7) мамлекеттик өнөктөш жер участогун электр энергиясы жана суу менен камсыздоого, ошондой эле жеке өнөктөшкө жер участогун топосүрөткө тартууга көмөк көрсөтүүсү керек;

8) мамлекеттик өнөктөш жер участогун курулуш калдыктарынан жана КТКдан тазалоону камсыз кылууга тийиш.

Минималдуу эксплуатациялык талаптар:

1) жеке өнөктөш КТКны сорттоо боюнча станцияда мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосунда макулдашылган көлөмдө КТКны сорттоону жүзөгө ашыруусу зарыл;

2) жеке өнөктөш бардык жабдууларды (долбоор боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык) долбоор боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде жумушчу абалда кармап туруусу зарыл;

3) жеке өнөктөш Долбоор боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуу күчүндө болгон мезгилде КТКны сорттоо боюнча станциянын иштеши үчүн зарыл болгон бардык запастык бөлүктөрдүн жана чыгымдалуучу материалдардын болушун камсыз кылууга милдеттүү;

4) жеке өнөктөш КТКны сорттоо боюнча станциянын кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши керек.

Минималдуу коммерциялык талаптар:

1) жеке өнөктөш Долбоор боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн капиталдык жана операциялык чыгымдарды көтөрүүсү керек;

2) Долбоор боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик өнөктөшкө КТКны сорттоо боюнча станцияга менчик укугун жана Долбоорго тиешелүү болгон, талаптагыдай жумушчу абалда болууга тийиш болгон бардык башка активдерди өткөрүп берсин;

3) мамлекеттик өнөктөш КТКны сорттоо боюнча станцияга жыл сайын келип түшкөн КТКнын минималдуу кепилденген көлөмүн (жеке өнөктөш менен макулдашылган) камсыз кылууга милдеттүү.

6. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 120 айды түзөт. Бул мөөнөт КТКны сорттоо боюнча станциянын жабдууларынын иштөө мөөнөтүн жана жеке өнөктөштүн алгачкы инвестициясынын өзүн актоо мөөнөтүн эске алуу менен аныкталган.

7. Долбоорго финансылык-экономикалык талдоо жүргүзүү

МЖӨ долбоорунун негизги финансылык көрсөткүчтөрү:

Аталышы

Бирдиги

Мааниси

Капиталдык чыгымдар

сом менен КНСсиз

95000000

Операциялык чыгымдар

сом менен айына КНСсиз

6165955

1 тонна КТКны сорттоо наркы

сом/тонна

2338,59

Долбоордун өзүн актоо мөөнөтү

ай

60

Кирешелүүлүктүн ички ставкасы (IRR)

%

23

Чыгарылган таза наркы (NPV)

млн. сом

13,5

Киреше алуу булагы: 100% экинчи материалдык ресурстарды сатуудан түшкөн киреше. МЖӨ долбоорунун финансылык планы жыл боюнча: миң сом менен КНСсиз:

Аталышы

1-жыл

2-жыл

3-жыл

4-жыл

5-жыл

Бардыгы

Операциялык чыгашалар, анын ичинде:

73991

73991

73991

73991

73991

369955

Аталышы

1-жыл

2-жыл

3-жыл

4-жыл

5-жыл

Бардыгы

Салык менен эмгек акы

54638

54638

54638

54638

54638

273190

Электр энергиясы

1004

1004

1004

1004

1004

5020

Муздак суу менен камсыз кылуу

6

6

6

6

6

30

Саркынды сууларды чыгаруу

4

4

4

4

4

20

Отун

8398

8398

8398

8398

8398

41990

Техниканы ижарага алуу

2143

2143

2143

2143

2143

10715

Жабдууларды техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдар

536

536

536

536

536

2680

Имараттарды/курулуштарды техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдар

536

536

536

536

536

2680

Башка чыгымдар

6726

6726

6726

6726

6726

33630

Инвестициялык чыгымдар, анын ичинде:

32346

32345

32345

32345

32346

161727

Инвестициялык баскычтагы пайыздарды капиталдаштырууну эске алуу менен негизги карыз

12701

15609

19184

23578

28978

100050

Чегерилген пайыздар

19645

16736

13161

8767

3368

61677

Мүлк салыгы

26

26

26

26

26

130

Амортизация

19552

19552

19552

19552

19552

97760

Экинчи даражадагы материалдык ресурстарды сатуудан түшкөн киреше

107777

107777

107777

107777

107777

538885

Талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаарындагы таштанды полигонунда экологиялык жүктү азайтуу зарылчылыгы аныкталган. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Ош шаарында чет өлкөлүк жабдууларды жана технологияларды колдонуу жана эл аралык финансы институттарынын катышуусу менен катуу тиричилик калдыктарын сорттоо/кайра иштетүү боюнча ийгиликтүү иштеген ишканалар жок экендиги аныкталды.

Аспект

Түшүндүрмө

Инновациялык сорттоо технологиялары

Бул долбоордо оптикалык сканерлерди, магниттик сепараторлорду жана аба классификаторлорун пайдалануу менен таштандыларды сорттоочу автоматтык жана жарым автоматтык системаларды колдонуу, бул сорттоо ылдамдыгын жана тактыгын бир кыйла жогорулатат

Фильтрлөө жана нейтралдаштыруу системалары

Көп баскычтуу фильтрлөө системалары жана инсинерациялоо процессинде чыккан зыяндуу заттарды зыянсыздандыруу, бул айлана-чөйрөгө терс таасирин дээрлик нөлгө чейин азайтат

Энергияны үнөмдөө

Таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү процессинде энергияны сарптоону төмөндөтүүгө мүмкүндүк берүүчү технологияларды колдонуу

Экологиялык билим берүү

Калкты таштандыларды өзүнчө чогултууга жана кайра иштетүүгө үйрөтүү боюнча программаларды уюштуруу, бул экологиялык жоопкерчиликтүү коомду калыптандырууга өбөлгө түзөт

Жумуш орундарын түзүү

Инновациялык технологиялар жаңы квалификацияларды талап кылат, бул жумуш орундарын түзүүгө жана жумушчулардын квалификациясынын деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт

Айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин минималдаштыруу

Чыккан зыяндуу заттарды сорттоо жана зыянсыздандыруу боюнча алдыңкы технологияларды колдонуу алардын айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтат, аймактагы абанын жана суунун сапатын жакшыртат

Кайра иштетүүнү көбөйтүү

Сорттоо системаларынын жогорку эффективдүүлүгү кайра иштетилүүчү материалдардын көлөмүн көбөйтөт, бул таштанды полигондоруна жөнөтүлгөн калдыктардын көлөмүн азайтат

8. Долбоорго укуктук талдоо жүргүзүү

Долбоорду ишке ашыруу МЖӨ механизминин негизинде пландаштырылууда. Кыргыз Республикасында 2021-жылдын 11-августунда № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзам кабыл алынган. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инфраструктуралык объекттерди жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты билдирет. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инфраструктуралык объекттерге жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонулат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жер казынасын пайдалануу, мамлекеттик сатып алуулар жана менчиктештирүү менен байланышкан инфраструктуралык объекттерге жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөргө жайылтылбайт. Инфраструктуралык объекттерге мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлк комплекси кирет. Инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөргө социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфраструктуралык объектти пайдалануу менен жана/же инфраструктуралык объектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр кирет. МЖӨ жөнүндө макулдашуу - тараптардын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун башка шарттарын аныктаган мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишим. Ошентип, КТКны сорттоо боюнча станцияны (инфраструктуралык объектти) түзүү жана эксплуатациялоо боюнча, ошондой эле Долбоордун алкагында КТКны сорттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр) боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүүгө болот. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун потенциалдуу катышуучуларын (тараптарын) аныктоо: МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптары мамлекеттик жана жеке өнөктөштөр болуп саналат. МЖӨ чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, муниципалдык ишканалар жана мекемелер, добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке тиешелүү болгон акционердик коомдор менен биргеликте тиешелүү иш чөйрөсүндө же мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, муниципалдык ишканалар жана мекемелер, добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке тиешелүү болгон акционердик коомдор чакан долбоорлор боюнча иштин тиешелүү чөйрөсүндө мамлекеттик өнөктөш катары чыгууга укуктуу. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер жеке өнөктөш катары чыгууга укуктуу. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги элементтеринин бири болуп КТКны сорттоо боюнча станцияны түзүү жана эксплуатациялоо жана КТКны сорттоо боюнча кызматтарды көрсөтүү болуп калат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары коммерциялык ишканалар тарабынан жеке менчиктин негизинде таштандыларды сорттоочу жайларды түзүү мүмкүнчүлүгүн чектебейт. Юридикалык жана жеке жактардын, жеке ишкерлердин I-V кооптуулук классындагы калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчекаралык), иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу боюнча иши "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензияланууга тийиш. Ошентип, Долбоорго карата МЖӨ жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн жеке өнөктөш калдыктарды иштетүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө лицензия алышы керек. Кыргыз Республикасында КТК менен иштөө чөйрөсүнүн саясатын жана ишин жөнгө салууда негиз болуучу документтер иштелип чыккан:

1) Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы;

2) Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 559 "Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому.

9. Мамлекеттик финансылык жана (же) мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүнүн түрлөрү жана шарттары

"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу максатында, мамлекеттик өнөктөш жеке өнөктөшкө мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүгө же көмөк көрсөтүүгө укуктуу. Долбоорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик өнөктөш жеке өнөктөшкө мамлекеттик экономикалык колдоонун төмөнкү түрлөрүн көрсөтөт:

№

Мамлекеттик колдоонун түрү

Берүү шарттары

1

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды берүү

Мамлекеттик өнөктөш жеке өнөктөшкө жер участогун ижарага берүүгө көмөк көрсөтөт

2

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген мамлекеттик өнөктөш тарабынан колдоонун башка түрлөрү

Мамлекеттик өнөктөш КТКны сорттоочу станцияга жыл сайын келип түшкөн КТКнын минималдуу кепилденген көлөмүн (жеке өнөктөш менен макулдашылган) берүүгө милдеттүү

3

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген мамлекеттик өнөктөш тарабынан колдоонун башка түрлөрү

Мамлекеттик өнөктөш тараптар тандап алган жер участогун топтолгон курулуш калдыктарынан жана КТКдан тазалоого милдеттенет

4

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген мамлекеттик өнөктөш тарабынан колдоонун башка түрлөрү.

Мамлекеттик өнөктөш жер участогун суу жана электр энергиясы менен камсыздоого, жеке өнөктөшкө жер участогуна топографиялык изилдөө жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттенет

(1) Маалыматтар "Ош-Тазалык" МЧКсы тарабынан берилген. (2) Маалыматтар "Ош-Тазалык" МЧКсы тарабынан берилген. (3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 506 Жарлыгы менен бекитилген. (4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 605 токтому менен бекитилген. (5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген.
