# Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-майындгы № 9-1 “МИ Кыргызжылуулукэнерго” Беловодское райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана берүү ишканасы” филиалы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-майындгы № 9-1 “МИ Кыргызжылуулукэнерго” Беловодское райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана берүү ишканасы” филиалы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9-1
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009517>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29323/edition/11539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009517.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-майындгы № 9-1 “МИ Кыргызжылуулукэнерго” Беловодское райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана берүү ишканасы” филиалы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (23.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009517

---

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Төрт-Гүл айылдык кеңешинин XXVIII - чакырыгынын ирээттеги III - сессиясы

2024-жылдын 23-майы № 9-1

“МИ Кыргызжылуулукэнерго” Беловодское райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана берүү ишканасы” филиалы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги “Отун энергетикалык комплексинин айрым маселелер жөнүндө” №89 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлигинин 2024-жылдын 22-апрелиндеги №05-4/3275 Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 17-майындагы №01-12/561 каттарын окуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Төрт-Гүл айыл аймагынын кенеши ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:

1. Төрт-Гүл айыл аймагында жайгашкан МИ “Кыргызжылуулукэнерго”- Беловодское райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана берүү ишканасы филиалынын тиешелүү мүлкүн (объектерин, комплекстерин, курулмаларын, жабдууларын жана техникаларын) Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтом Москва райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

3. Жоопту катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй – Бишкек башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

А. Джайлобеков
