# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 21-июнундагы ПТ № 129 (89-мотоаткычтар бригадасынын, 91-мотоаткычтар батальонунун, 8-артиллериялык бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 21-июнундагы ПТ № 129 (89-мотоаткычтар бригадасынын, 91-мотоаткычтар батальонунун, 8-артиллериялык бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009495>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19237/edition/11514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009495.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 21-июнундагы ПТ № 129 (89-мотоаткычтар бригадасынын, 91-мотоаткычтар батальонунун, 8-артиллериялык бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу) тескемеси (21.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009495

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 21-июну ПТ № 129 Өздүк курамды антка, ар-намыска жана парзга бекем болууну билдирген Ата Мекенди коргоочулардын бардык муундарынын салттарынын жана күжүрмөн даңкынын духунда тарбиялоо максатында, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 89-мотоаткычтар бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) 91-мотоаткычтар батальонунун Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

3) 8-артиллериялык бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө ардак белгиси катары аскердик ар-намыстын, каармандыктын жана даңктын символу болгон күжүрмөн туулар жана аларга Кыргыз Республикасынын Президентинин грамоталары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин төмөнкүдөй аскердик бөлүктөрүнө тапшырылсын:

1) 89-мотоаткычтар бригадасына;

2) 91-мотоаткычтар батальонуна;

3) 8-артиллериялык бригадасына.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
