1-берене
Күчүндө · 21.06.2024 редакциясы
«Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын («Эркин-Тоо» гезити, 2020-жылдын 18-августу, № 65) 2 жана 3-беренелерин колдонууда салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарды жоюуда, салыктык текшерүүнүн же салык төлөөчүлөрдүн, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн өздөрүнүн 2020-жылдын 1-июлуна чейинки мезгил үчүн такталган отчетторду берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча эсептелген салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары боюнча карыздарды кошуп алганда, кайра түзүмдөштүрүү жүргүзүлгөн датага эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар жана айып пулдар эсептен чыгарыларын түшүнүү керек. Карыздар ушул берененин биринчи абзацында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча келип чыкса, пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар жана айып пулдар салык төлөөчүнүн учурдагы карызынан өзүнчө эсепке алынууга тийиш.
Берененин тексти 21.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндөЗакон · 14.08.2020 · № 125 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230009489/st-1" title="1-берене - Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-беренелерин расмий чечмелөө тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>