# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 339-т ("Азия Нью Тек" айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод" ачык акционердик коомунун ишин токтотуу жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 339-т ("Азия Нью Тек" айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод" ачык акционердик коомунун ишин токтотуу жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 339-р
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009470>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19236/edition/11483/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009470.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 339-т ("Азия Нью Тек" айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод" ачык акционердик коомунун ишин токтотуу жөнүндө) тескемеси (19.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009470

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 19-июну № 339-т "Азия Нью Тек" айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод" ачык акционердик коомунун ишин токтотуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Азия Нью Тек" айыл чарба техникасын чыгаруу боюнча завод" ачык акционердик коомун жоюу жол-жобосун белгиленген тартипте жүргүзсүн.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 397-т тескемеси;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 519-т тескемеси.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
