# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 310
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009436>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29269/edition/11452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009436.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009436

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 13-июну № 310

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Саламаттык сактоо системасындагы илимий ишти өркүндөтүү максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборун кайра уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомунун 3, 5, 6-пункттары;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 8-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоону башкаруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 8-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
