# Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 20-майындагы №1 “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” ишканасынын Базар-Коргон шаарындагы филиалынын отканасын Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 20-майындагы №1 “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” ишканасынын Базар-Коргон шаарындагы филиалынын отканасын Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009368>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29226/edition/11354/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 20-майындагы №1 “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” ишканасынын Базар-Коргон шаарындагы филиалынын отканасын Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алуу жөнүндө" токтому (20.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009368

---

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

2024-жылынын 20- майы №1

“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” ишканасынын Базар-Коргон шаарындагы филиалынын отканасын Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыгын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-34-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон райондук администрациясынын 25.04.2024-жылдагы №01-11/1350 сандуу жана 30.04.2024-жылдагы №01-17/659 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.О.Осмоновдун каттарына, Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХ -сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыгын аткарууга алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” ишканасынын Базар-Коргон шаарындагы филиалынын отканасын жана Жалал-Абад шаардык жылуулук ишканасына оперативдүү башкарууга берилген 1400,0чарчы метр жер тилкесин Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алууга макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.О.Осмоновго жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.

Төрага:

К.К. Анарбеков
